ДАРЫ II
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Атууда же жардырууда колдонуу үчүн атайын жасалган тез тутангыч зат. Дарысын ийлеп, ок куюп, Даярланып кырк жигит («Эр Табылды»). Сатар кош оозду асынып чачма менен дарыны арбын алган (Таштемиров). Батыйдын бригадасындагылар дары коюп, жардырган таштарды кашаттын алдына кулатып жатышты (Сасыкбаев).